Кападокияда бутик мейманкана дүйнөнүн өзгөчө мейманканасы болуп тандалды

Kayakapı Premium Caves Cappadociaнын ээлери Якуп Динлер жана Мехмет Динлер мейманкананын жыйындар залында маалымат жыйын өткөрүштү.

1825596
Кападокияда бутик мейманкана  дүйнөнүн өзгөчө мейманканасы болуп тандалды
Kayakapı Premium Caves Cappadocia.jpg
kapadokya butik otel.jpg

Невшехирдин Үргүп районундагы бутик мейманкана Tripadvisor саякат сайты тарабынан дүйнөнүн эң өзгөчө мейманканасы деп табылды.

Kayakapı Premium Caves Cappadociaнын ээлери Якуп Динлер жана Мехмет Динлер мейманкананын жыйындар залында маалымат жыйын өткөрүштү.

Якуп Динлер дүйнөнүн  өзгөчө мейманканасы болгондон тышкары, дүйнөнүн жана Европанын эң люкс 3 -  мейманканасы,  дүйнөнүн 6 - мыкты мейманканасы сыйлыктарына ылайык көрүлгөндүгүн айтты. 

Динлер райондо кароосуз калган эски мааланы калыбына келтирип, айрымдары таштан, бир бөлүгү аскадан оюлуп жасалган мейманкана кампусуна айландырышкандарын, 2013 - жылы кызмат кыла баштагандыгын айтты.

Мехмет Динлер  Кападокия жана Түркия туризмине баалуулук кошуудан  кубанычтуу экендерин жана конокторду дагы көп кубантууга аракет кылышарын айтты. 



Тектеш кабарлар