Эрбаш: «Биз өз ара ынтымактуу болсок дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөр оңой чечилет»

Дин иштери башкармалыгынан берилген маалыматка караганда башчы Али Эрбаш Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде өткөрүлгөн Ислам Биримдиги саммитинде сөз сүйлөдү.

1823718
Эрбаш: «Биз өз ара ынтымактуу болсок дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөр оңой чечилет»

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш: «Ислам коомдору катары өз ара биримдикти жана тилектештикти бекемдегенде дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөр оңой чечилет»,-деди.

Дин иштери башкармалыгынан берилген маалыматка караганда башчы Али Эрбаш Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде өткөрүлгөн Ислам Биримдиги саммитинде сөз сүйлөдү.

Али Эрбаш, акыркы эки кылымда дүйнөдө ар тараптан глобалдык масштабда ылдам өзгөрүүлөр болгонун жана бүгүн дүйнө гиганттык көйгөйлөрдүн курчоосунда тарыхынын эң оор мезгилдерин башынан өткөрүп жатканын айтты.

Эрбаш ислам географиясынын глобалдык масштабда дуушар болгон де-факто, саясий, маданий жана экономикалык кыйынчылыктарга жетиштүү түрдө туруштук бере албаганын белгилеп, расизм жана ислам душмандыгына айланган исламофобиянын шашылыш чара көрүү керек болгон маселе экенине көңүл бурду.

Болуп жаткан көйгөйлөр жана адамзаттын чоң кризистери мусулмандарды үмүтсүздүккө салбашы керектигин баса белгилеген Эрбаш: «Мусулмандар 1400 жылдан ашык билим жана цивилизациялык топтом менен жаш жана динамикалуу калкы, жер астындагы жана жер үстүндөгү байлыктары менен дүйнөдө эң чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бизде бардык көйгөйлөрүбүздү чече ала турган ишеним, акылмандык жана цивилизациялык топтом бар. /.../ Биз Ислам коомдору катары арабызда биримдикти жана тилектештикти бекемдеп, мүмкүнчүлүктөрүбүздү айкалыштыруу менен биргелешип аракетибизди өнүктүргөндө географиябыздагы жана дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөр оңой чечилет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар