Диярбакырдагы «Сурп Гирагос» армян чиркөөсүндө 7 жылдан кийин биринчи сыйынуу

Сыйынуу аземин Түркиядагы армяндардын патриархы Сахак Машалян алып барды.

1823669
Диярбакырдагы «Сурп Гирагос» армян чиркөөсүндө 7 жылдан кийин биринчи сыйынуу

Диярбакырдын Сур районунда 2015-жылы жикчил террордук уюм ПККнын террордук кол салууларында зыянга учураган «Сурп Гирагос» армян чиркөөсүндө 7 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы сыйынуу аземи болуп, кечээ маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун катышуусунда азем менен ачылды..

Сыйынуу аземин Түркиядагы армяндардын патриархы Сахак Машалян алып барды.

Чет өлкөдөн жана Түркиянын ар кайсы облустарынан келген армяндар да катышкан салтанатта шамдар жагылып, дубалар окулуп, илахийлер ырдалды.

Түркия армяндарынын патриархы Машалян аземден кийин жасаган билдирүүсүндө Стамбулдан жана бүт Анадолудан Диярбакырга мечитке келгендер бар экенин белгилеп: «Биз сыйынуубузду ушул кооз тарыхый жерде өткөрдүк. Бул чынында эле таасирдүү чөйрө. Бул аймак чындыгында бул шаардын көп түстүү, көп конфессиялык  өткөнү үчүн эстелик. Бул көп түрдүүлүк байлык катары түшүнүлөт деп ишенем. Бул өлкөдө бардыгыбыз ушул желектин астында бактылуу жана тынчтыкта жашап жатабыз»,-деди.

Чиркөөнүн мамлекеттин колдоосу менен оңдолгондугун эске салган Машалян: «Президентибизге дем бергени үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Бул чиркөөнү оңдоп-түзөөгө ал өзү кам көргөн. Тиешелүү тапшырмаларды беришкен”,-деп айтты.

Аймакта калыбына келтириле турган башка чиркөөлөр да бар экенине көңүл бурган Машалян: «Алардын реставрациясы менен бул жер чындап эле дүйнөгө белгилүү туристтик борборго айланышы мүмкүн. Ошол эле учурда бул элдердин бир туугандыгынын, достугунун жана чогуу жашоо маданиятынын эң сонун үлгүсүн көрсөтө алат”,-деп айтты.



Тектеш кабарлар