Түркия БУУда «жашыл жана туруктуу туризм» боюнча милдеттенме алды

Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин башкы директорунун орун басары Элиф Балжы Фисуноглу БУУнун Башкы ассамблеясында «туруктуу туризм» темалуу жыйында сөз сүйлөдү.

1822610
Түркия БУУда «жашыл жана туруктуу туризм» боюнча милдеттенме алды

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) «жашыл жана туруктуу туризм» боюнча милдеттенме алды.

Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин башкы директорунун орун басары Элиф Балжы Фисуноглу БУУнун Башкы ассамблеясында «жашыл жана туруктуу туризм» темалуу жыйында Түркиянын пандемия учурунда жана андан кийинки туризм тармагындагы иштерин түшүндүрдү.

Түркиянын пандемия учурунда министрликтердин өнөктөштүгү менен жол башчылык кылган коопсуз сертификат программасы туризм секторунун кайра ачылышында башкаларга үлгү болгонун айткан Фисуноглу: «Бүгүнкү күндө бул программа 11 750 сертификацияланган мейманканалар, ресторандар жана туризм объекттери менен эл аралык конокторубузга бакубаттыкты тартуулоодо. Коопсуз туризмди сертификациялоо программасы алып келген бул түзүм 2023-жылдан баштап түрк туризм моделинин туруктуулук шарттары да эске алынып «Коопсуз жана жашыл туризм» сертификаттоо программасы менен туруктуу ишке ашырылышы улантылат»,-деди.

Түркиянын улуттук туруктуу туризм программасы үчүн Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) менен кызматташтык келишимине кол койгонун белгилеген Фисуноглу түрк туризм секторунун 2030-жылга чейин үч баскычтуу сертификация процесси менен кайра түзүлөөрүн айтты.

Түркиянын туруктуулук долбоорлору менен келечек муундарга түбөлүктүү мурас, бузулбаган жана дени сак дүйнө калтырууну жана Түркияны дагы туруктуу глобалдуу туризм борбору кылууну максат кылганын белгилеген Фисуноглу: «Дүйнөдөгү эң көп саякатчы келген 4-өлкө катары биз туристтик потенциалыбызды бардыгы камтылган курортторду жана 5 жылдыздуу мейманканаларды жашыл жана туруктуу жасоого умтулабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар