Эрдоган 23-апрелде орундугун символдук түрдө балага өткөрүп берди

Президент Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынын алкагында улуттук билим берүү министри Махмут Өзерди жана аны коштогон 11 баланы кечээ Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алды.

1817016
Эрдоган 23-апрелде орундугун символдук түрдө  балага өткөрүп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын дагы бир жолу дүйнө лидерлигине умтулган мамлекети жана улуту менен жаңы көтөрүлүүнүн ичинде экенин айтты.

Президент Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынын алкагында улуттук билим берүү министри Махмут Өзерди жана аны коштогон 11 баланы кечээ Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алды.

Келген конокторду бир-бирден саламдашып тосуп алган Эрдоган ордун 8-класстын окуучусу Шүкрү Эмре Эренге калтырды. Президент Эрдоган Эренге «Урматтуу президент кош келдиңиз»,-деди. Ал эми Эрен ага «Рахмат» деп кайрылды.

Кабыл алуудагы сөзүндө Президент балдарды 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы менен куттуктады.

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Улуу Улуттук Жыйындын ачылыш күнү болгон 23-апрелди балдарга келечекти ойлоп белек кылганын эске салган Эрдоган: «Дүйнөдөгү эң түптүү мамлекеттик салтыбыз бар. Элибиз башка коомдорду суктандырган күрөшү, чечкиндүүлүгү, аракети жана кайраттуулугу менен миңдеген жылдар бою кай жерде болсо да туу чокуда болууга жетишти. /.../Бүгүнкү күндө Түркия дагы бир жолу дүйнө лидерлигине умтулган мамлекети жана адамзаттын абийирин, мээримин, үмүтүн өзүндө чогулткан улуту менен жаңы көтөрүлүүнүн ичинде. Сизден биз алып келген жерден өткөрүп ала турган бул куттуу желекти ар тармакта дүйнөнүн чокусуна көтөрүшүңдү каалайм»,-деп айтты.

Президент Эрдоган сөзүнөн кийин Шүкрү Эмре Эренге кайрылып: «Микрофонду президентибизге тапшыралы»,-деди.

Эрен макамдын чыныгы ээси президент Эрдоганга коноктогону үчүн бардык досторунун атынан ыраазычылык билдирип, бардык балдарды 23-апрель күнү менен куттуктады.



Тектеш кабарлар