Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи ТРТ-2 каналынан көрсөтүлөт

Америка киноискусство жана илимдер академиясы тарабынан ыйгарылган Оскар сыйлыктары быйыл 94-ирет ээлерин табат.

1800690
Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи ТРТ-2 каналынан көрсөтүлөт

94-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи ТРТ-2 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Америка киноискусство жана илимдер академиясы тарабынан ыйгарылган Оскар сыйлыктары быйыл 94-ирет ээлерин табат.

Түркия радиотелеберүү мекемесинин (TRT) билдирүүсүнө караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарындагы Долби театрында өтө турган сыйлык тапшыруу аземи ТРТ-2 экранында түз эфирде кино көрсөтүлөт.

Кино дүйнөсүнүн престиждүү иш-чараларынын бири болгон Оскар сыйлыктары 23 категорияда берилет.

"The Power of the Dog" тасмасы 12 номинация менен көңүлдөрдү бурган сыйлыктарга, "Dune" фильми 10, "Belfast" ve "West Side Story" фильмдери да 7 номинацияда талапкер болушту.

27-мартта «Оскарды көздөй» атайын берүүсү менен баштала турган программа сыйлык тапшыруу аземи менен уланат.

Азем Түркия убактысы боюнча саат 03.00дө көрүүчүлөргө түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар