Нооруз майрамы
Нооруз майрамы бүгүн дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде шаңдууу жана ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.
Түрк аймагында жаңы жылдын башталышы жана жаздын жарчысы катары кабыл алынган Нооруз майрамы бүгүн дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде шаңдууу жана ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.
Кыш айларынан кийин жаз менен табияттын жанданышын символдоштурган Нооруз Орто Азиядан Анадолуга чейинки көптөгөн аймактарда коомдук биримдикти, тилектештикти жана кызматташтыкты камсыз кылган мазмуну менен өткөрүлүүдө.
Сөз катары «жаңы күн» маанисин да билдирген бул өзгөчө күндө табияттын жандануусу менен башталган жаңы жылды молчулук, токчулук, кызматташтык жана тилектештик менен тосуп алса бир жыл бою ошондой өтөт деп ишенилет.
Бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген Ковид-19 пандемиясынан улам 2020 жана 2021-жылдары чоң иш-чараларсыз майрамдалган Нооруз, быйыл пандемиянын басаңдашы менен мурдагыдай кубанычтуу белгиленүүдө.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.