ТРТнын телеберүүсүндө 54-жыл, Захид Собажынын билдирүүсү
ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы социалдык медиа эсебинен бул тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.
Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) телеберүү тармагындагы 54 жылдыгын белгилеп жатат.
ТРТнын билдирүүсүнө караганда, ТРТнын диктору Нуран Деврес: «Урматтуу көрүүчүлөр, бул 3-топ жана 5-каналдан сыноо берүүлөрүн жасаган Анкара телекөрсөтүүсү. Бүгүн, 1968-жылдын 31-январы. Сыноо берүүсүн бүгүн кечинде баштайбыз»,-деп айткан жарыясы менен Түркияда телекөрсөтүү доору башталды.
ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө:«Телеберүүсүн 1968-жылдын 31-январында жасаган биринчи жарыясы менен баштаган ТРТ, 54-жылында ар түрдүүлүк менен тереңдиктин тең салмактуулугун сактап, өлкөбүздү дүйнөгө, дүйнөнү өлкөбүзгө жана эми дүйнөнү дүйнөгө түшүндүрүп жатат. Бардык көрүүчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. ТРТ бир эс тутум жана келечек болуп саналат»,-деди.
Тектеш кабарлар
ТРТнын балдар фестивалына Нарындын "Наристе-Кызгалдак" бий тобу катышты
Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.