Зайтун майы көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берет

Бул ооруларга рак, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын оорулары менен деменция кирет.

1767023
Зайтун майы көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берет

Зайтун майын колдонуу көптөгөн оорулардын алдын алаары жарыяланды.

Бул ооруларга рак, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын оорулары менен деменция кирет.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жүргүзүлгөн изилдөөдө 1990-2018-жылдар аралыгында 60 миңден ашуун адамдын ден-соолугунун абалы жана тамактануу адаттары текшерилип, жазылган.

Гарвард университетинин окумуштуулар тобунун изилдөөсүнө ылайык, күнүнө жок дегенде бир чай кашык зайтун майын колдонуу көптөгөн оорулардын алдын алаары аныкталган.

Зайтун майын ичкендердин Паркинсон жана Альцгеймер сыяктуу оорулардан өлүү коркунучунун ичпегендерге караганда 29 пайызга аз экени аныкталды.

Изилдөөлөргө ылайык, зайтун майын колдонуу рак оорусуна чалдыгуу коркунучун да 17 пайызга азайтат.



Тектеш кабарлар