ТРТнын колдоосу менен тартылган эки кинотасма Берлин кинофестивалында ат салышат

Берлин кинофестивалы 10-16-февраль күндөрү өтөт.

1765747
ТРТнын колдоосу менен тартылган эки кинотасма Берлин кинофестивалында ат салышат

Түркия радио телеберүү мекемеси (TRT) менен биргелешип тартылган эки тасма «72-Берлин кинофестивалында» ат салышат.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, быйыл 10-16-февраль күндөрү өтө турган фестивалдын негизги сынагында ТРТнын колдоосу менен тартылган «Асмандан бир үзүм» жарышат.

Режиссеру Майкл Кох жана Кристоф Нерахер продюсерлик кылган Швейцария-Германия орток чыгарылышындагы кинотасма, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан жүздөгөн фильмдер кайрылган фестивалдын Негизги сынак бөлүмүндө тандалып алынган 18 тасманын арасына кирди.

Тасма ошондой эле өткөн жылы өткөрүлгөн Карловы Вары кинофестивалынын тармактык бөлүгү болгон Eastern Promisesта, редакция этабындагы долбоорлор жарышкан First Cut категориясында «ТРТ сыйлыгын» жеңип алган.

Ал эми "Klondike" Берлин кинофестивалынын дүйнөлүк кинематографиядан жаңы, мыкты жана чыгармачыл тасмаларды камтыган "Панорама" бөлүмүндө ат салышат.

Sundance кинофестивалында дүйнөлүк бет ачары боло турган тасма дароо Берлин кинофестивалында көрсөтүлөт.

Режиссеру Марина Эр Горбач жана Мехмет Бахадыр Эр продюсерлик кылган Украина-Түркия биргелешип тарткан фильм 2020-жылы 12 Пунтодо ТРТнын Эл аралык биргелешкен өндүрүш сыйлыгын алган.

Украина-Орусия чек арасында жашаган кош бойлуу аял Иранын жикчил топтор тарабынан айылы курчоого алынганына карабай үйүнөн чыкпай койгону менен башталган " Klondike" 2014-жылдын 17-июлунда Ира жана анын үй-бүлөсүнүн эл аралык учак кырсыгынын чордонунда калганын баяндайт.



Тектеш кабарлар