Коммуникация башкармалыгы даректүү тасма сериясы менен элдик дипломатия китебин даярдады

Даректүү тасмалар сериясында Хаттуша байыркы шаары, Эфес байыркы шаары, Сүмела монастырынын музейи, Селимийе мечити жана комплекси, Азирети Мевлана ложасы музейи, Ст. Павел мемориалдык музейи жана Гөбеклитепе болгон 7 тарыхый мурас талкууланды.

1765748
Коммуникация башкармалыгы даректүү тасма сериясы менен элдик дипломатия китебин даярдады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Анадолунун маанилүү маданий мурастарын таанытуу максатында «Цивилизациялардын бешиги Анадолу» долбоорунун алкагында 7 бөлүктөн турган даректүү тасма сериясы менен элдик дипломатия китебин даярдады.

Даректүү тасмалар сериясында Хаттуша байыркы шаары, Эфес байыркы шаары, Сүмела монастырынын музейи, Селимийе мечити жана комплекси, Азирети Мевлана ложасы музейи, Ст. Павел мемориалдык музейи жана Гөбеклитепе болгон 7 тарыхый мурас талкууланды.

Даректүү тасмалар менен Анадолу географиясында орун алган цивилизациялардан бүгүнкү күнгө чейин жеткен коомдук, диний жана маданий жыйнактарын «адам-мейкиндик-жашоо» огунда таанытуу максат кылынды.

Бир тараптан Коммуникация башкармалыгы тарабынан тарыхта көптөгөн цивилизациялардын бешиги болгон Анадолунун баалуулуктарын элдик дипломатия аркылуу түшүндүрүү максатында «Цивилизациялардын бешиги Анадолу жана Түркиянын элдик дипломатиясы» деп аталган китеп даярдалды.

«Цивилизациялардын бешиги Анадолу» долбоору менен даярдалган 7 даректүү тасма сериалы жана китеп «https://mеdеniyetlerbesigi.com» сайтында фотосүрөттөр жана маданий мурастар тууралуу кеңири маалыматтар менен коомчулукка тартууланды.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, көптөгөн цивилизациялардын мекени болгон Анадолунун уникалдуу экспонаттар менен кооздолгон «цивилизациялардын бешиги» экенин белгилеп, Анадолунун бул тарыхый жана маданий баалуулуктарын ар бир платформада таанытуу үчүн аракет кылгандарын белгиледи.

Анадолунун бай тарыхын таанытуу жана элдик дипломатия аркылуу маданий туризмге салым кошууну максат кылгандарын баса белгилеген Алтун:«Анадолу географиясындагы ар түрдүү цивилизациялардын мурастарын жана баалуулуктарын бүткүл дүйнөгө таанытууга жана бул улуу маданий казынаны келечек муундарга өткөрүп берүүгө чоң маани беребиз»,-деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар