Togg АКШда таанытылды
Togg компаниясы АКШда CES жарманкесине катышты.
Түркиянын мобилдүүлүк тармагында кызмат кылган глобалдык технология бренди Togg, дүйнөнүн эң чоң керектөөчү электроника жарманкеси CES-2022де жаңычылдыктарын жана алгачкыларын дүйнө коомчулугу менен бөлүштү.
5-7-январь күндөрү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөрүлгөн CESке жаңы унаасы менен катышкан Togg өзүнүн инновацияларын пресс-конференцияда дүйнө коомчулугуна жарыялап, келечекке көз карашын баса белгилеген «Transition Concept Smart Device» аттуу концепция унаасын да таанытты.
Toggдун башкы жетекчиси Гүржан Каракаш классикалык унаа фирмасы эмес экендиктерин айтып: «Өзүбүздү технологиялык компания катары аныктайбыз. Ошондуктан технологиядагы акыркы инновациялардын жана алгачкылардын жолугушуу жери болгон CESдебиз. Чыгыш менен Батыштын, акыл менен сезимдер кездешкен аймакта түзүлгөн, мобилдүүлүк тармагында иш алып барган технологиялык компаниябыз. Автоунаа өнөр жайы ылдамдык менен мобилдүүлүк экосистемасына айланып жаткан жаңы дүйнөдө биз колдонуучуну жана маалыматты борборубузга алып мобилдүүлүк чечимдерин чыгаруудабыз»,-деди.