Түрк тилин билүү сынагынын эл аралык жарактуулугу бекитилди

YEE тарабынан иштелип чыккан TYSге «ALTE Сапат ордени» ыйгарылгандыгы үчүн институттун борбор шаар Анкара шаарындагы баш кеңсесинде ALTE тарабынан тапшыруу аземи уюштурулду.

1754432
Түрк тилин билүү сынагынын эл аралык жарактуулугу бекитилди

«Юнус Эмре» институту (YEE) тарабынан иштелип чыккан Түрк тилин билүү сынагы (TYS), Европа тил сынактары ассоциациясы (ALTE) тарабынан «ALTE сапат ордени» менен сыйланды.

YEE тарабынан иштелип чыккан TYSге «ALTE Сапат ордени» ыйгарылгандыгы үчүн институттун борбор шаар Анкара шаарындагы баш кеңсесинде ALTE тарабынан тапшыруу аземи уюштурулду.

Салтанатта сөз сүйлөгөн YEE башчысы проф. Д-р. Шереф Атеш бүгүн түрк тилдүү ар бир инсан үчүн маанилүү күн экенин баса белгиледи.

Атеш учурда жүз миңдеген кишинин түрк тилин экинчи же үчүнчү тил катары үйрөнүп жатканын белгилеп: «Бактыга жараша, биз азыр түрк тилин үйрөнгөндөрдүн үйрөнгөндөрүн кантип документтештирүү маселесин эл аралык деңгээлде жарактуу документ менен чечип жатабыз»,- деди.

Тил чеберчилигин өлчөө жана баалоо тармагындагы стандарттарды белгилеген жана башкы уюм катары аныкталган ALTE, тил сынактарынын эл аралык жарактуулугун текшерген жана бекитүү укугуна ээ мекеме.



Тектеш кабарлар