Президенттиктин инвестициялык кеңсесине сыйлык

Дубайдагы International Investor Magazine финансы, фонд, валюта жана байлыкты башкаруу сыяктуу тармактарда алдыңкы мекемелерди кубаттоо жана жетектөө максатында жыл сайын ар кандай сыйлыктарды берет.

1754197
Президенттиктин инвестициялык кеңсесине сыйлык

International Investor Magazine тарабынан уюштурулган Эл аралык инвестор сыйлыктарынын (International Investor Awards 2021) алкагында «Жылдын Эл аралык тике инвестициялык агенттиги/Евразия (FDI Agency of the Year/Eurasia) сыйлыгы Президенттиктин инвестиция кеңсесине ыйгарылды.

Президенттиктин инвестиция кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Дубайдагы International Investor журналы финансы, фонд, валюта жана байлыкты башкаруу сыяктуу тармактарда алдыңкы мекемелерди кубаттоо жана жетектөө максатында жыл сайын ар кандай сыйлыктарды берет.

Сыйлыктар журналдын изилдөө тобу тарабынан текшерилип, ырасталат жана эң өзгөчө талапкерлерге ыйгарылат. Сыйлык процессинде, ийгиликтерге негизделген чыныгы терең талдоо жана кароону камсыз кылган мыкты адистер тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Ушул себептен ал көптөгөн тармактарда престиждүү сыйлыктардын катарына кирет.



Тектеш кабарлар