«Жаңгак дарагы» Нью-Йорктон эки сыйлык менен кайтып келди
«Жаңгак дарагы» тасмасынын фестивалдык сапарын уланууда.

Көптөгөн улуттук жана эл аралык фестивалдардан сыйлык алган «Жаңгак дарагы» тасмасы ар кайсы өлкөлөрдө фестивалдык сапарын улантууда.
Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам жарыкка чыга элек тасма, АКШда 23 жылдан бери престиждүү иш-чаралары менен белгилүү болгон The Artist Forum тарабынан уюштурулган "6- Festival of Moving Image фестивалында" "Мыкты тасма" жана "Мыкты оюнчу" сыйлыктарына ээ болду.
Октябрь айында да 7-Балкан панорама кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Мыкты оюнчу» сыйлыктарына татыктуу деп табылган «Жаңгак дарагы» ноябрь айында Лондон шаарында өткөн кинофестивалда да «Эң мыкты чет элдик тасма» сыйлыгын алган.
Фестивалдык сапары уланган бул кинотасма, 20-декабрга чейин улана турган Антакия кинофестивалында жана март айында Москвада боло турган "Леонид Хромов" эл аралык кинофестивалында да жарышат.