"Зержеван" сепилинде экспонаттар табылды

Бул сепил Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

1742255
"Зержеван" сепилинде экспонаттар табылды

Диярбакырдын Чынар районундагы Рим империясы учурунда «аскердик жай» катары колдонулган 3000 жылдык "Зержеван" сепилиндеги казууларда сөөктөн жасалган 1600 жылдык сыбызгы жана коло ачкычтуу шакекче табылды.

"Зержеван" сепилинде 2014-жылы башталган казууларда Рим дооруна таандык Митрас жер астындагы ийбадаткана, коргонуу мунарасы, чиркөө, башкаруу имараты, турак-жайлар, дан жана курал кампалары, баш калкалоочу жайлар, аска мүрзөлөрү, суу каналдары менен бирге көптөгөн маанилүү экспонаттар табылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген сепилдеги казууларда 1600 жылдык сөөктөн жасалган сыбызгы жана коло ачкычтуу шакекче табылды.

Дижле университетинин окутуучусу жана казуу бөлүмүнүн башчысы доцент Айтач Жошкун, «Зерзеван» сепилинде өткөрүлгөн маалымат жыйында эки бөлүк түрүндө табылып бириктирилген сыбызгынын биздин замандын 4-5-кылымында жасалган деп болжолдонгонун айтты.

Жошкун: «Өтө өзгөчө буюмдар коюлган сандыкты ачуу үчүн колдонулган коло ачкычтуу шакекче биздин замандын 4-5-кылымына таандык»,-деди.



Тектеш кабарлар