БУУдан Түркияга сыйлык

«Мыкты туризм айылдары демилгесин» баштаган БУУнун Дүйнөлүк туризм уюму Түркиядан эки жерди тандады.

1742373
БУУдан Түркияга сыйлык

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк туризм уюму Невшехирдин Мустафапаша айылы менен Сакариянын Тараклы районун «айыл туризм дестинациясы» деп тапты.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, айыл аймактарындагы туризмди өнүктүрүү, трансформациялоо жана коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн оң күчкө айландыруу максатында быйыл «Мыкты туризм айылдары демилгесин» баштаган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туризм уюму Түркиядан эки жерди тандады.

Невшехирдин Мустафапаша айылы менен Сакариянын Тараклы району Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн БУУнун Дүйнөлүк Туризм Уюмунун 24-Башкы Ассамблеясында сыйлыктарды алышты.

Сынакта 32 өлкөдөн жалпы 44 айылдык туризм дестинациялары өзгөчө жаратылыш жана маданий өзгөчөлүктөрү, сакталган салттуу жашоо образы менен туруктуу жана инклюзивдүү айылдык экономикалык ишмердүүлүккө байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүнөн улам бул наамды алууга ылайыктуу деп табылды.

Мустафапаша менен Тараклы, 75 өлкөнүн 175 арызынын арасында сыйлыкка ээ болгон дестинациялардын катарына кире алды.



Тектеш кабарлар