Касым Тыныстанов Анкарада эскерилди

Гази университети «Көклеримизин изинде»  аттуу конференция тизмегинин бир бөлүмүн Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгы жана ошондой эле Касым тыныстановдун туулганынын 120 жылдыгына арнап өткөрдү.

1741087
Касым Тыныстанов Анкарада эскерилди
kASIM TINISTANOV 120.YIL 3.jpg
kASIM TINISTANOV 120.YIL 4.jpg
KASIM TINISTANOV 120.YIL 1.jpg

 

Анкарадагы Гази университетинин ректорлук имаратындагы конференция залында кыргыздын тунгуч профессору, илимпоз Касым Тыныстанов эскерилди.

Гази университети «Көклеримизин изинде»  аттуу конференция тизмегинин бир бөлүмүн Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгы жана ошондой эле Касым Тыныстановдун туулганынын 120 жылдыгына арнап өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Гази университетинин ректору, профессор Муса Йылдыз, «Хажы Байрам Вели» атындагы университеттин түрк тили жана адабияты мугалими, профессор Хүля Касапоглу Чеңгел айым менен катар мугалимдер жана студенттер катышышты.

Ректор мырза Түрк дүйнөсүндөгү илимпоздорду, улуу инсандарды түшүндүргөн ушундай конференцияларды өткөрүп жаткандыгы үчүн сыймыктанаарын айтып, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев: «Учурда Кыргызстанда Касым Тыныстанов түптөп кеткен пайдубалдын негизинде Кыргыз тилинин грамматикасы үйрөтүлүп жатат. Ал түзгөн Кыргыз тилинин сүйлөм түзүлүшү, морфологиясы, жазуу эрежелери жана грамматикасы учурубуздагы адабий тилибиздин бекем пайдубалын түзүп турат. Эч шексиз тил улуттун жана мамлекеттин өздүгүн белгилөөчү элемент. Бирок эне тилинде жаза алган жана улуттук адабият мурасына ээ болгон улуттардын улут-мамлекет жарата ала тургандарын Касым Тыныстанов баштаган окумуштуулар эң жакшы түшүнүшкөн. Дал ушул мамлекет түзүү процессинде өз милдетин аткарган Касым Тыныстанов, Кыргыз тил илиминин пайдубалын түптөп, Кыргыз алфавитин түзүп, бир топ илимий чыгарма жазып, Кыргызстанда илим жана билим берүүнүн өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон.

Касым Тыныстанов 37 жылдык кыска өмүрүнүн көбүн мамлекеттик иштерге жана илимий эмгектерге арнап, ушул кыска өмүрүнө жарым кылымда жасалчу иштерди сыйдыра алган. Ар бир кылымда ушундай жөндөмдүү жана жаратуучу инсандар сейрек төрөлөт. Ал өз доорунан кыйла алдыга кеткен, улуту жана анын эркиндиги үчүн күрөшкөн улуу инсан болгон.

Быйыл эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кылымдар бою көз карандысыздык үчүн күрөшкөн, бул багытта жанын берген улуу инсандарыбыздын жасаган эмгектерин ар дайым эскерүү жана баалоо биздин милдетибиз. «Өткөнүн унуткан, келечекти көрө албайт» делет. Кыргыз калкынын улуттук өздүгүнүн сакталышында жана жашоосунун улантылышында чоң салымы болгон Касым тыныстанов сыяктуу тарыхый инсандарды таануу баардыгыбыздын, өзгөчө жаңы муундун милдети болуп эсептелет»,-деп айтты.

Ошондой эле элчи Өмүралиев, конференциянын уюштуруучуларына, ректорго жана Тыныстанов тууралуу баяндама жасаган мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип, ушул сыяктуу иш-чаралар менен Касым Тыныстановдун калтырган мурасы жакшы таанылып андан ары изилдөөгө өбөлгө болот деген пикирин айтты.

Ал эми конференцияда негизги баяндаманы жасаган «Хажы Байрам Вели» атындагы университеттин адабият мугалими, профессор Хүля Касапоглу Чеңгел айым Касым Тыныстановдун өмүр баяны менен катар анын калтырган эмгектерин кеңири баяндап берди.

Хүля Касапоглу айым: «1938-жылдан кийин Кыргыз интеллигенттеринин жазган эмгектеринин басмадан чыгарылышына, окутулушуна жана алар жөнүндө сүйлөшүүгө дагы тыюу салынып, алар унуттурулганга аракет кылынган. Ал окумуштуулар 53 жылдан кийин 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин эскериле баштады. Жаңы муун аларды эгемендиктен кийин тааный башташты, биз дагы... «Жыл 1916» аттуу макаласында ошол жылдардагы кырдаалды ачык баяндап берген. Жыл 1916...Абдан коркунучтуу жыл. Ал жылдары төгүлгөн жызыксыз кедей каны бул күнгө чейин элдин эсинде. Ошол кездеги кедей канына сугарылган падыша төрөлөрүнүн кылычы бул күндө да элдин көз алдында турат.

Бакудагы Түркология курултайына катышып, латын алфавитине өтүү боюнча эң таасирдүү баяндама жасагандыктан, бардык илимпоздор анын эмгегин баалашып, бул ишти ага тапшырышкан.

Касым Тыныстанов 1922-жылдан тарта окууга, билимге маани берип кыргыз жаштарын окууга үндөгөн.

1933-жылдарда Касым Тыныстанов улутчулдук, мекенчилдик, пантүркизм, панисламизм идеологияларына багыт алган»,-деп баяндамасында кеңири маалымат берди.

1938-жылдагы репрессияда Касым Тыныстановдун дагы Кыргыз интеллигенттери менен чогуу атылып, тобу менен көмүлгөнүн маалымдады.

Хүля Касапоглу айым Касым Тыныстанов менен бирге көмүлгөн 138 адам, анын ичинде Чынгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун да 1991-жылы Бишкектин түндүк жагында табылганын жана аларга арналып Ата-Бейит мемориалдык комплекси курулганын баяндап берди.

 

 

 

 

 


Этикеткалар: #Касым Тыныстанов

Тектеш кабарлар