Түрк тасмаларынын жумалыгы Варшавада башталды

Иш-чара 2-декабрда аяктайт.

1740715
Түрк тасмаларынын жумалыгы Варшавада башталды

Юнус Эмре институту (YEE) тарабынан уюштурулган Варшава Түрк тасмалары жумалыгы Польшанын борбор шаары Варшавада «Ахлат дарагы» фильминин көрсөтүлүшү менен башталды.

Устат режиссёр Нури Билге Жейлан ардактуу конок болгон фестивалдын "Ziote Tarasy" кинотеатрындагы ачылышына кино сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Фестивалдын алкагында «Биз үчүн чемпион», «Мынапыс», «Пайдалуу бир нерсе», «Омар жана биз» жана «Даярбызбы» тасмалары, ошондой эле түрк киносунун унутулгус чыгармасы «Кызыл жоолук жалжалым» фильми кино сүйүүчүлөргө тартууланат.

Ардактуу конок Нури Билге Жейлан фестивалдын "мастер-класс" бөлүмүндө кино көрүүчүлөр менен тажрыйбасын бөлүшөт.

Биринчи толук метраждуу тасмасы «Мынапыс» менен ийгиликке жетишкен режиссёр жана продюсер Жем Өзай да тасмасы көрсөтүлгөндөн кийин сөз сүйлөйт.

Иш-чара 2-декабрда аяктайт.



Тектеш кабарлар