Албанияда «Түрк кино жумалыгы» башталды

26-ноябрга чейин улана турган Түрк кино жумалыгынын алкагында мыкты тасмалар көрсөтүлөт.

1737387
Албанияда «Түрк кино жумалыгы» башталды

Албаниянын борбор шаары Тиранада Юнус Эмре институту тарабынан уюштурулган «Түрк кино жумалыгы» башталды.

Тирананын кинотеатрында өткөрүлгөн ачылыш программасынын алкагында «7-Палатадагы керемет» тасмасы көрсөтүлдү.

Программага катышкан Түркиянын Тирана элчиси Мурат Ахмет Йөрүк, өзгөчө Албания баш болгон Балкан өлкөлөрүнүн түрк өнүмдөрүнө абдан кызыккандарын белгилеп, түрк искусствосунун кызматташтык жана байланыш көпүрөлөрүн курганын баса белгиледи.

Албаниялык киноактёр Жулиан Деда да бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, иш-чаранын ушул тармактагы кызматташтык көпүрөлөрүн өнүктүрүүгө багытталган кадам экенин айтты.

Тиранадагы Юнус Эмре институтунун директору Өмер Осман Демирбаш болсо, көрүүчүлөр үчүн мыкты тасмаларды тандап алгандарын билдирди.

26-ноябрга чейин улана турган Түрк кино жумалыгынын алкагында «Биз үчүн чемпион», «Рафадан Тайфа Дехлиздин укмуштуу окуясы», «Амнистия» жана «Насипсе талапкербиз» тасмалары да көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар