Адыяманда 1500 жылдык меш табылды

Байыркы Перре шаарындагы казуулар уланып жатат.

1737478
Адыяманда 1500 жылдык меш табылды

Адыямандагы байыркы Перре шаарында уланып жаткан казууларда 1500 жылдык нан бышырылуучу меш аныкталды.

Байыркы Перре шаарында 2001-жылы башталган жана мезгил-мезгили менен уланган казуу иштеринде быйылкы жылы тарыхый Рим чоргосу, чоң блоктуу таштар, суу каналдары жана түрдүү архитектуралык курулуштар чыгарылды.

Акыркы казуу иштеринде болсо шарап ишканасынын жана некрополдун капталындагы 500 чарчы метр аянттан ошол мезгилдеги адамдардын нан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн курулган жай жана нан бышырылуучу мештин түзүлүшүнө таандык мыктар табылды.

Музейдин директору Мехмет Алкан байыркы шаардан биздин заманга чейинки 5-кылымга таандык экени аныкталган жаңы табылгалардын аныкталганын билдирип: «Некрополь аянтында казуу иштери уланууда. Акыркы казууда 1500 жыл экени аныкталган имаратка тиешелүү 100 мык жана капталына түшкөн эшикти таптык. Мындан тышкары жердин түндүк-чыгыш бурчунда тегерек тандыр түзүлүшү бар»,- деди.



Тектеш кабарлар