46 - Эл аралык Эмми сыйлыктары Нью - Йоркто тапшырылды

«Эң мыкты искусство программасы» номинациясын режиссёр Грегори Монро тарткан француз “Kubrick by Kubrick”  даректүү тасмасы жеңип алды.

1737683
46 -  Эл аралык Эмми сыйлыктары Нью  -  Йоркто тапшырылды

Эл аралык телекөрсөтүү искусствосу жана илимдер академиясы тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын тышында тартылган чыгармаларга берилген Эл аралык Эмми сыйлыктары Нью - Йоркто ээлерине тапшырылды.

Өткөн жылы Ковид  - 19 эпидемиясынан улам виртуалдык чөйрөдө өткөн Эл аралык Эмми сыйлыктары аземинин алып баруучулугун бул жылы Нигерия тектүү америкалык актриса Йнонне Оржи аткарды.

«Эң мыкты искусство программасы» номинациясын режиссёр Грегори Монро тарткан француз “Kubrick by Kubrick”  даректүү тасмасы жеңип алды.

«Мыкты аял актриса» сыйлыгын “Adult Material” аттуу сериалдагы ролу менен британиялык актриса Хейли Скуйрс, «Мыкты эркек актер» сыйлыгын “Des” сериалында өлтүргүчтүн образын жараткан британиялык Дэвид Теннант алды.

«Эң мыкты комедия» номинациясы сыйлыгы Түркияга да ылайыкташтырылган француз драмасы «Менин менеджериме чал» (Dix Pour Cent) жана драма категориясында Израилдин «Тегеран» сериалына берилди.

Мыкты даректүү тасма сыйлыгы үч жашында рактан каза болгон балдардын денесин келечекте ооруга чара табылат деген үмүт менен крионика методу менен тоңдуруп сактаган тайланддык бир жуптун баянын чагылдырган «Крионика : экинчи жашоо үмүтү» аттуу Netflix чыгармасы алды.

 

 



Тектеш кабарлар