Адыяманда 40 миллион жылдык фоссилдер табылды

Фоссилдер коргоого алынды.

1734140
Адыяманда 40 миллион жылдык фоссилдер табылды

Адыяманда 40 миллион жылдык деп болжолдонгон 4 фоссил табылды.

Бөлүкйайла айылында жашаган 21 жаштагы Гүлжан Өзтүрк үй-бүлөсү менен сейилдеп жүрүп, ар кандай түзүлүштөгү 4 таш таап алган.

Таштарды Адыяман музей директорлугуна алып барган Өзтүрк, иликтениши үчүн таштарды тиешелүү жерге тапшырды.

Музей директорлугунун кызматкерлери биринчи иликтөөдө бул таштардын 40 миллион жылдык эоцен мезгилиндеги Numilites тобуна таандык бир клеткалуу деңиз жандыктары экенин аныкташты.

Фоссилдер коргоого алынды.



Тектеш кабарлар