Антальяда COP22 Саммити өтөт

Айлана-чөйрөнү коргоо, шаарлашуу жана климаттын өзгөрүүсү министри Мурат Kурум саммиттин темасынын «Көгүлтүр Жер Ортолук деңизге карай: Таштандысыз мурас калтыруу, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Климаттык тең салмактуулукту сактоо» болгонун билдирди.

1731959
Антальяда COP22 Саммити өтөт

Жер Ортолук деңизинин деңиз чөйрөсүн жана жээк аймактарын коргоо боюнча Конвенциянын (Барселона) Тараптарынын 22-конференциясы (COP22) 7-10-декабрда Антальяда өтөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо, шаарлашуу жана климаттын өзгөрүүсү министри Мурат Kурум, Шотландиянын Глазго шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-Конференциясынын алкагында (COP26) барган Түркия павильонунда саммитке байланыштуу баа берүүсүн жасады.

Курум, Түркиянын министрликтер, мамлекеттик мекемелер, университеттер, бейөкмөт уюмдар жана жеке секторлор менен COP26 саммитине чоң катышууну камсыздаганын айтты. COP26 алкагында Түркия катары 40тан ашуун кошумча иш-чара уюштурушкандарын белгилеген Курум, Түркиянын климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү аракетин катышуучулар менен бөлүшүшкөндөрүн белгиледи.

Глазгодо 2 жумага созулган сүйлөшүүлөрдө тараптар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө кызматташуу маселелерин талкуулаганын баса белгилеген Курум: «Биз Түркия катары сүйлөшүү процесстерине чоң салым коштук»,- деди.

Курум саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнүн жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү аракеттерин кесиптештери менен бөлүшкөнүн эске салды.

Түркиянын жашыл өнүгүүнүн алдыңкы өлкөсү болоорун жана бул алкакта кадам таштай турганын белгилеген Курум, Жер Ортолук деңиз чөйрөсүн жана жээк аймактарын коргоо конвенциясынын (Барселона) тараптардын 22-конференциясын (COP22) 7-10-декабрда Түркияда өтө турганын айтты.

Курум саммиттин темасынын «Көгүлтүр Жер Ортолук деңизге карай: Таштандысыз мурас калтыруу, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Климаттык тең салмактуулукту сактоо» болгонун билдирди.

Курум саммитке Жер Ортолук деңизине жээктеш 21 өлкөнүн айлана-чөйрө министрлери, делегаттар, Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышаарын билдирди.



Тектеш кабарлар