Дүйнөлүк саякатчы Ахмед Хаггагович Түркияда...

Бул жерде журналисттерге билдирүү жасаган саякатчы Хаггагович Түркиянын 164-аялдамасы болгонун айтты.

1729361
Дүйнөлүк саякатчы Ахмед Хаггагович Түркияда...

Дүйнөлүк саякатчы жана эл аралык туризм адиси Ахмед Хаггагович 164-саякат программасы  үчүн Стамбулга келди.

Швецияда жашаган жана көптөгөн өлкөнүн телеканалдарында саякат программаларын көрсөткөн Хаггагович Түрк аба жолдорунун пландалган рейси менен Швециянын борбор шаары Стокгольмдон Стамбул аэропортуна келип конду.

Бул жерде журналисттерге билдирүү жасаган саякатчы Хаггагович Түркиянын 164-аялдамасы болгонун айтты.

Көптөгөн өлкөдө телеканалдар үчүн программаларды тартканын жана социалдык медиада көп сандагы жолдоочусу болгонун белгилеген Хаггагович: «Мен бул жакка мурда да келгим келген. Анткени Түркия тарыхый жана табигый кооздуктары менен дүйнөнүн эң кооз өлкөлөрүнүн бири. Команда болуп 1 жумалык маршрут уюштурабыз. Стамбул жана башка шаарларда тартабыз. Түркиядан көрөрмандарыбыз менен бөлүшөбүз»,-деп айтты.

Визуалдык жактан кооз кадрларды жасай тургандарын белгилеген Хаггагович: «Мен 26 жылдай саякат тармагында программаларды тартып, дүйнөнү кыдырып келем. Түркияга кечигип калдым деп ойлосом да, бул жердин таанытылышына салым кошкубуз келет. Түркиядан футболчу Месут Өзил жана оюнчу Халит Эргенч сыяктуу ысымдарды байкап турам жана аларга суктанам. Түрк досторубуз да программабызды колдошот. Баарыңыздарга алдын ала ыраазычылык билдирем»,-деди.



Тектеш кабарлар