Стамбул аэропорту "Европанын эң мыкты аэропорту" болуп тандалды

Стамбул аэропортунун жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы үчүн секторду шыктандырган чаралары, жеткиликтүүлүк үчүн жасаган кадамдары жана туруктуулукка салым кошкон аракеттери бааланды.

1725825
Стамбул аэропорту "Европанын эң мыкты аэропорту" болуп тандалды

Стамбул аэропорту Эл аралык Аэропорттор Кеңеши (ACI) тарабынан уюштурулган «17 - ACI Europe Awards» аземинде «Европанын эң мыкты аэропорту» жана «жеткиликтүү аэропорту» сыйлыктарына татыктуу деп табылды.

Стамбул аэропортунун жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы үчүн секторду шыктандырган чаралары, жеткиликтүүлүк үчүн жасаган кадамдары жана туруктуулукка салым кошкон аракеттери бааланды.

Белгилүү мекемелер тарабынан удаасы менен сыйлыктар менен сыйланган аэропорт, бүткүл дүйнө Ковид-19 менен чоң сыноодон өтүп жаткан мезгилде көрүлгөн чаралар менен тармактагы эң абройлуу эки сыйлыкка ээ болду. Европадагы жүргүнчүлөрдүн саны боюнча эң чоң аэропорт жана институционалдык туруктуулугу далилденген инвестицияларын токтотулбастан улантууда.

«17-ACI Europe Awards» аземинин алкагында ACI Стамбул аэропортуна 40 миллиондон ашуун жүргүнчү категориясында «Европанын эң мыкты аэропорту» сыйлыгын ыйгарды.

Стамбул аэропорту да долбоорлоо баскычынан бери жараткан жеткиликтүүлүк маданияты жана тоскоолдуксуз аэропорт концепциясы менен ACIдин «Жеткиликтүү аэропорт» сыйлыгын алды.

Сыйлыктар Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн ACI Europe жылдык конгресси жана Башкы ассамблеясынын алкагында 26-октябрда өткөрүлгөн азем менен Аткаруу кеңешинин төрагасы жана IGA аэропорт иштеринин башкы директору Кадри Самсунлуга тапшырылды.



Тектеш кабарлар