Нидерландияда «Түрк заманбап чеберлери» көргөзмөсү ачылды

Иш-чарага нидерландиялык жана түркиялык искусство сүйүүчүлөр менен катар Түркиянын миссия өкүлдөрү катышты.

1724404
Нидерландияда «Түрк заманбап чеберлери» көргөзмөсү ачылды

Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда «Түрк заманбап чеберлери» көргөзмөсү ачылды.

NDSM Fuse искусство борборунда өткөн иш-чарага нидерландиялык жана түркиялык искусство сүйүүчүлөр менен катар Түркиянын миссия өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөгө Европанын ар башка шаарларынан катышкан түрк чеберлери, эмгектерин көрүү үчүн келген зыяратчылар менен жолугушуп суроолоруна жооп беришти.

Иш-чараны уюштурган сүрөтсү жана эбру чебери Окан Акын, максаттарынын Европадагы түрк чеберлеринин эмгектерин бүткүл дүйнөгө таанытуу экенин айтты.

Нидерландиялыктарды түрк чеберлери менен тааныштырууну максат кылганын белгилеген Акын : «Бул көргөзмөдө Европанын ар кайсы шаарларында жашаган 37 түрк чебери чогулду»,-деди.

Нидерландия, Германия жана Бельгия баш болгон Европанын ар башка шаарларынан түрк чеберлеринин түрдүү өнөрлөрүн камтыган көргөзмө 6-ноябрга чейин зыяратчыларга ачык болот.



Тектеш кабарлар