Мексикалык музыканттар түркчө ырларды аткарышты

2021-жылды «Юнус Эмре жана Түрк тили жылы» деп жарыялоонун алкагында Юнус Эмре институту дүйнөнүн ар кайсы жеринде уюштурулган иш-чаралардын дагы бирөөнү Латын Америкасында өткөрдү.

1724102
Мексикалык музыканттар түркчө ырларды аткарышты

Мексикада уюштурулган концертте мексикалык өнөрпоздор Юнус Эмренин ырлары менен бирге түрк ырларын ырдады.

2021-жылды «Юнус Эмре жана Түрк тили жылы» деп жарыялоонун алкагында «Юнус Эмре» институту дүйнөнүн ар кайсы жеринде уюштурулган иш-чаралардын дагы бирөөнү Латын Америкасында өткөрдү.

Түркиянын маданий дипломатия тармагында өкүлү «Юнус Эмре» институту жана Түркия Республикасынын Мексикадагы Элчилиги менен биргеликте Мексиканын борбору Мехико шаарында «Юнустун деми Мексикада» аттуу концерт өткөрдү.

Улуу акын Юнус Эмренин сүйүү жана сабырдуулук билдирүүлөрүнүн мексикалыктарга түшүндүрүлүүсү максат кылынган концертте мексикалык музыканттар түрк музыкасынын эң өзгөчөлөнгөн чыгармаларын музыка сүйүүчүлөрдүн назарына тартуулашты.

Түрк өнөрпоздору менен бирге мексикалык өнөрпоздордун да өнөрлөрүн тартуулаган концертте түрк жана испан тилдеринде 15 чыгарма аткарылды. Мындан тышкары, түркиялык жана мексикалык музыканттардын аткаруусунда улуу түрк эл акыны жана ойчул Юнус Эмренин диний ыр саптары жаңырды.

Концертте мексикалык өнөрпоздор Түркиянын алдыңкы өнөрпоздору Орхан Гжебай, Халук Левент, Таркан, Жандан Эрчетин, Барыш Манчо жана Шүкрийе Туткундун чыгармаларын ырдашты. Кошумчалай кетсек, дүйнөгө таанымал «Дирилиш Эртугрул» сериалынын музыкасын атактуу мексикалык музыкант Любелла Гауна аткарды.

Кошумчалай кетсек, белгилүү түрк артисттери Арсланбек Султанбеков, Долапдере Биг Ганг жана Серкан Чагры тарабынан концерт үчүн атайын даярдалган репертуарларынын видеолору музыканы сүйүүчүлөр менен бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар