Мардинде 12 миң жылдык храм табылды

25 цивилизацияга кожоюндук кылган аймактагы археологиялык казуулар уланып жатат.

1723087
Мардинде 12 миң жылдык храм табылды

Мардиндин Даргечит районуна караштуу Илысу кыштагындагы архелогиялык аянт Бонжуклу Тарладан 12 миң жылдык деп эсептелген храм табылды.

Тарыхта Шумер, Аккад, Вавилон, Хетт, Ассирия, Урарту, Рим, Аббаси, Селжук жана Осмон сыяктуу 25 цивилизацияга кожоюндук кылган аймактагы археологиялык казууларда Эпипалеолит доорунан Неолит дооруна чейинки мезгилге таандык көптөгөн табылгалар табылды.

12 миң жылдык өтмүшү менен адамзат тарыхына жарык берген аймакта жүргүзүлгөн казуу иштеринде бүгүнкү күнгө чейин архитектуралык калдыктар, үйлөр, жеке менчик имараттар, коомдук имараттар менен мүрзөлөрдөгү 130 адамдын скелети, 100 миңден ашуун мончок жана неолит доорунан 11 миң 300 жылга таандык деп эсептелген храм табылды.



Тектеш кабарлар