Эл аралык Анкара джаз фестивалы эртең башталат

Джаз коомунун 25  -  жылдыгына карата атайын сыйлыгы джаз өнөрпозу Туна Өтенелге концерттен мурда тапшырылат.

1719082
Эл аралык Анкара джаз фестивалы эртең башталат

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынган жана Джаз коому тарабынан уюштурлган 25 -  Эл аралык Анкара жаз фестивалы эртең башталат.

Министрликтен берилген маалыматка ылайык фестиваль бул жылы «Джаздын жашоо тартиби» деген темада өткөрүлөт. Көпкө созулган джаз  эмгектеринин маанисине жана кыйынчылыктары баса белгилене турган фестивалда бардык иш – чаралар социалдык аралык, беткап тагуу сыяктуу чаралар менен өткөрүлөт.

Жергиликтүү өнөрпоздор менен бирге 4 башка өлкөдөн келген музыканттар да орун алган фестивалдын ачылуу концертин аба күчтөрү командирлигинин «Джаздын бүркүттөрү» оркестры коёт. Оркестырды солист катары вокалист Йылдыз Ибрахимова коштойт.

Джаз коомунун 25  -  жылдыгына карата атайын сыйлыгы джаз өнөрпозу Туна Өтенелге концерттен мурда тапшырылат.

Фестивалдын жүрүшүндө италиялык композитор жана пианист Ремо Анзовино жана аккордеончу Джанни Фассетта джаз сүйүүчүлөрү менен жолугушат.

Искусство сүйүүчүлөрү 14 – 24 - октябрда өтүүчү фестивалда айрым  иш-чараларга акысыз катыша алышат.

Бул тууралуу https://www.cazdernegi.org/festivals/ankaracazfestivali интернет адресинен кеенн маалымат алууга болот.



Тектеш кабарлар