Маариф фондунун Түштүк Африкадагы алгачкы мектеби ачылды

Өлкөнүн эң чоң шаары Йоханнесбургда мектептин ачылыш аземине Түркиянын Преториядагы элчиси Айшегүл Кандаш, элчиликтин кызматкерлери, түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана мектеп кызматкерлери катышты.

1707676
Маариф фондунун Түштүк Африкадагы алгачкы мектеби ачылды

Түрк Маариф фондунун Түштүк Африкада биринчи билим берүү инвестициясы болгон "Эл аралык түштүк африка маариф мектептеринин" ачылышы болуп өттү.

Өлкөнүн эң чоң шаары Йоханнесбургда мектептин ачылыш аземине Түркиянын Преториядагы элчиси Айшегүл Кандаш, элчиликтин кызматкерлери, түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана мектеп кызматкерлери катышты.

Элчи Кандаш, ачылыш сөзүндө, "Маариф Фонду, Түрк  билим берүү системасынын дүйнөдөгү алдыңкы бренди болуу максатын көздөө менен бул жаатта Түркиянын дүйнөгө ачылган дарбазасы болуп калды." деди.

Кандаш, 44 мамлекеттеги жалпы 377 мектепте ийгиликтүү билим берүүчү иш -чараларды ишке ашырган Маариф Фондунун Түштүк Африкада универсалдуу стандарттарга ылайык жогорку сапаттагы билим берүү идеалын улантарын айтты.

Түрк Маариф фондунун төрагасы Проф. Бирол Акгүн, видеоконференция аркылуу катышкан иш-чарада, бул билим берүү инвестициясынын Түркия-Түштүк Африка карым-катнаштарына олуттуу салым кошоорун айтты.

Түштүк Африкага мекеме катары маани беришкенин билдирген Акгүн, келечекте өлкөдө жаңы мектептерди ачууну пландап жатышканын белгиледи.

Эшиктерин ачкан билим берүү мекемеси бала бакчада, башталгыч жана орто мектептерде 250 окуучуну тейлейт.



Тектеш кабарлар