Эмине Эрдоган "Менин Африка саякатым" аттуу китебин Нью-Йоркто биринчи айымдарга таанытат

Эмине Эрдогандын Африкага болгон саякатынан алган таасирлерин жана эскерүүлөрүн жазып алган "Менин Африка саякатым" аттуу биринчи китеби, Нью -Йорктогу Түркевинде алгач өткөрүлө турган программада өлкө лидерлеринин жубайларына тааныштырылат.

1707759
Эмине Эрдоган "Менин Африка саякатым" аттуу китебин Нью-Йоркто биринчи айымдарга таанытат

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Африкага болгон саякатынан алган таасирлерин жана эскерүүлөрүн жазып алган "Менин Африка саякатым" аттуу биринчи китеби, Нью -Йорктогу Түркевинде алгач өткөрүлө турган программада өлкө лидерлеринин жубайларына тааныштырылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн президент Эрдогандын 19-22-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) сапарын коштоп бара турган биринчи айым Эмине Эрдоган, биринчи жолу "Менин Африка саякатым" китебин 20-сентябрда Түрк үйүндө өткөрүлө турган программа менен өлкөлөрдүн лидерлеринин жубайларына, БУУ жана берки эл аралык өкүлдөр менен жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен чет элдик миссиялардын башчыларына таанытат.

Эмине Эрдоган, китепте, 2014-2020-жылдар аралыгында Алжир, Экватордук Гвинея, Эфиопия, Жибути, Сомали, Кот-д'Ивуар, Гана, Нигерия, Гвинея, Уганда, Кения, Танзания, Мозамбик, Мадагаскар, Судан, Чад, Тунис, Мавритания, Мали , Түштүк Африка Республикасына, Замбияга, Гамбияга жана Сенегалга болгон саякаттары, тактап айтканда  23 Африка өлкөсүнө саякаттары тууралуу эскерүүлөрүн камтыйт.

Китеп октябрь айынын башында Түркияда сатыкка чыгат, ошондой эле эл аралык басмаканалар тарабынан англис, француз, араб жана суахили тилдеринде басылат.

Китептин бардык кирешеси Эмине Эрдогандын жетекчилиги астында Анкарада түзүлгөн Африка кол өнөрчүлүк базары жана маданият үйү аркылуу Африка аялдары менен балдарына өнүгүү, билим берүү, ден-соолук жана маданий колдоо катары берилет, Түркия жана Африканын ортосундагы достуктун жана тилектештиктин белгиси болот.



Тектеш кабарлар