Фахреттин Алтун «Жылдын байланыш сыйлыгын» алды

Фахреттин Алтун «Байланыш тармагындагы эмгеги менен жаңы көз караштын өнүгүшүнө кошкон салымы» үчүн «Жылдын байланыш сыйлыгы» менен сыйланды.

1706737
Фахреттин Алтун «Жылдын байланыш сыйлыгын» алды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, «Жылдын байланыш сыйлыгына» татыктуу деп табылды.

Алтун: «Бул сыйлыкка салым кошкон жана күнү -түнү талыкпай эмгектенген бардык жолдошторума ыраазычылык билдирем»,-деди.

Фахреттин Алтун «Байланыш тармагындагы эмгеги менен жаңы көз караштын өнүгүшүнө кошкон салымы» үчүн «Жылдын байланыш сыйлыгы» менен сыйланды.

Алтун сыйлыгын президент Режеп Таййип Эрдогандан кечээ кечинде борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексинде өткөрүлгөн Анадолу медиалар биримдигинин 6 -Анадолу медиа сыйлыктарын тапшыруу аземинде алды.

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен Анадолу медиалар биримдигине ыраазычылык билдирип: «Байланыш тармагындагы эмгегибиз үчүн бизди сыйлыкка татыктуу деп тапкан Анадолу медиалар биримдигине ыраазычылык билдиргим келет. Бул баалуу сыйлыкты президентибизден алуу биз үчүн чоң сыймык болду. Биз жолдошторубуз менен бирге президентибиздин эркине жана көз карашына ылайык бардык күчүбүз менен иштөөнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар