Хатайдагы Титус туннелине 8 айда 28 миңден ашуун киши зыярат кылды

Туннелдин узундугу 1380 метр, бийиктиги 7 метр жана туурасы 6 метр.

1703967
Хатайдагы Титус туннелине 8 айда 28 миңден ашуун киши зыярат кылды

Хатайдын Самандаг районунда Рим доорунда курулган Титус туннелине 8 айда Түркиядан жана чет өлкөдөн 28 миңден ашуун киши зыярат кылды.

Тоолордон агып келген кум менен шагылдын портту толтурушуна жол бербөө үчүн Рим императору Веспасианустун буйругу менен биздин замандын 69-жылы курула баштаган жана уулу Титус мезгилинде биздин замандын 81-жылы бүткөн Веспасиан-Титус туннели шаарга келгендер көз жаздымында калбаган жерлердин бири.

Туткундар иштетилип салдырылган туннель зыяратчыларын тарыхый саякатка чыгарат.

Архитектурасы менен Түркиядан жана чет өлкөдөн келген конокторду суктандырган туннелдин узундугу 1380 метр, бийиктиги 7 метр жана туурасы 6 метр.

Титус туннелине баргандар жакын жердеги Бешикли үңкүрүн да зыярат кылышат.



Тектеш кабарлар