Бул жылы Сараево кино фестивалы 13 - 20 - августта өткөрүлөт

Фестивалда 47 фильм жарышат.

1679166
Бул жылы Сараево  кино фестивалы 13 - 20 - августта  өткөрүлөт

Бул жылы 13 – 20 -  август күндөрү Босния Герцеговинада өткөрүлө турган Сараево кино фестивалында 47 фильм жарышат.

Быйыл 27 -  жолу кино сүйүүчүлөргө каалгаларын ача турган Сараево кино фестивалынан берилген маалыматта : «Сараевонун  жүрөгү» аттуу фестивалда сыйлыктарын алуу үчүн 4 категорияда жалпы 47 фильмдин жарышары белгиленди.

«Узун метражлуу» фильм категориясында 9, «кыска фильм» категориясында 10, «даректүү тасма» категриясында 16 жана «студенттик тасмалар»  категориясында 12 фильмдин орун алары белгиленип, 18 фильмдин дүйнөлүк бет ачары, 3 фильмдин эл аралык, 1 фильмдин Европа, 24 фильмдин региондук жана 1 фильмдин да Босния Герцеговина бет ачарынын ишке ашырылары маалымдалды.

Узун метраждуу фильм категориясында сыйлык үчүн "The Elegy of Laurel", "Things Worth Weeping For", "Bebia, a mon seul desir", "The Hill Where Lionesses Roar", "Celts", "Moon, 66 Questions", "Murina", "Looking for Venera" жана  "Great Freedom" fаттуу тасмалар жарышат.

 

 



Тектеш кабарлар