Дүйнөдөгү алгачкы жылмайган эмодзили чыгарма Газиантепте көргөзмөгө коюлат

Айдын аягында коноктор Газиантеп археология музейиндеги Каркамыш казууларынан табылган экспонаттар үчүн сакталган бөлүмдө өз ордун ээлей турган суу кумганын көрө алышат.

1669544
Дүйнөдөгү алгачкы жылмайган эмодзили чыгарма Газиантепте көргөзмөгө коюлат

Сириянын чек арасынын нөл чекитинде жайгашкан Байыркы Каркамыш шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде 4 жыл мурун табылган, үстүндө жылмаюу сүрөтү тартылган 3700 жылдык тарыхы суу кумганы Газиантеп археология музейинде көргөзмөгө коюлат.

Айдын аягында коноктор Газиантеп археология музейиндеги Каркамыш казууларынан табылган экспонаттар үчүн сакталган бөлүмдө өз ордун ээлей турган суу кумганын көрө алышат.

Газиантеп музейинин директору Өзгүр Чомак Байыркы Каркамыш шаары дүйнөнүн маанилүү байыркы шаарларынын бири экендигин жана казуу иштери республикалык мезгилден бери мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп келе жаткандыгын айтты.

Евфрат дарыясынын жээгиндеги Кархамыш Хетт мезгилинин борбору болгонун айткан Чомак, маанилүү экспонаттар табылган байыркы шаарда профессор доктор Николо Марчетти тарабынан жүргүзүлгөн казуулар учурда уланып жаткандыгын айтты.

Чомак, экспонаттардын арасында жылмаюу тартуулаган суу кумганы дагы болгонун айтып, «Терракотадан жасалган бир колу бар колба орто коло дооруна таандык. Бул болжол менен 3700 жыл мурунку артефакт. Бул дүйнөдө жылмайган эмодзи менен жасалган биринчи көркөм чыгарма»,экендигине басым жасады.



Тектеш кабарлар