Газадагы балдар асманга батперек учурушту

Палестинадагы Аялдардын өнүгүүнү изилдөө ассоциациясы тарабынан уюштурулган иш-чарада «O Freedom» аталышында 50 батперек асманга учурулду.

1652495
Газадагы балдар асманга батперек учурушту
gazze cocuklar ucurtma1.jpg
gazze cocuklar ucurtma.jpg

Газада ондогон балдар 11 күндүк Израилдин кол салууларынын терс психологиялык таасирлерине каршы күрөшүү үчүн жээкте батперектерди асманга учурушту.

Палестинадагы Аялдардын өнүгүүнү изилдөө ассоциациясы тарабынан уюштурулган иш-чарада «O Freedom» аталышында 50 батперек асманга учурулду.

Иш-чаранын координатору Али Абу Мерйемдин айтымында, бул иш-чараны Израилдин Газага жасаган кол салууларынын балдарга тийгизген психологиялык таасирин азайтуу идеясы менен ишке ашырышты.

Иш-чара балдардын өздөрүнө болгон ишенимин арттырууга жана ишеним сезимин сезүүгө жардам бергендигин айткан Эбу Мерйем, иш-чарага 50 батперек жана 50 бала катышкандыгын, ар бир батперекте басып алынган шаардын же айылдын аты жазылгандыгын билдирди.

Абу Мерйем иш-чара менен Израилдин кол салуулары менен байланышкан жаман эскерүүлөрдү балдардын аң-сезиминде жакшы учурларга алмаштырууну жана жашоолорун кадимкидей улантууну максат кылгандыгын белгиледи.

Курчоого алынган Газа тилкесине 10-майда Израиль баштаган кол салуулар ХАМАС менен жетишилген ок атышпоо режимине ылайык 21-майда аяктады.

Израилдин Газага кол салууларынан арасында 66 жаш бала жана 39 аял болуп бардыгы 254 палестиналык курман болду, 1948 адам жаракат алды, миңдеген имараттар толугу менен кыйрады же жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар