Түркиянын алгачкы робот оюнчусу-Айпера

MinT Дизайн борбору тарабынан долбоорлонгон, Түркиянын биринчи санарип оюнчусу Айпера жарманкеде да, социалдык тармактарда да чоң кызыгуу жаратты.

1651200
Түркиянын алгачкы робот оюнчусу-Айпера
aypera robot.jpg
aypera robot.jpg

Түркиянын биринчи робот оюнчусу-Айпера, Заманбап Стамбулдун (Contemporary Istanbul) Plugin бөлүмүндө видеотасма жана постер көргөзмөсү менен көрүүчүлөрдүн назарына өз окуясын тартуулайт.

MinT Дизайн борбору тарабынан долбоорлонгон, Түркиянын биринчи санарип оюнчусу Айпера жарманкеде да, социалдык тармактарда да чоң кызыгуу жаратты.

Мурунку күндөрү Айпера менен биргеликте «Санарип адам» киносун тартабыз деп жарыялаган продюсер жана сценарист Бирол Гүвен Айпераны электрондук адам деп аныктаган.

Айперанын санарип адам катары, электрондук өкмөт, электрондук китептер сыяктуу бир нерсе экендигин, ошондой эле сериалдарды тартып, ырдап же жарнамаларда ойной тургандыгын айткан Гүвен: «Биздин максатыбыз - дүйнөгө белгилүү актриса болуусу. Бирок чыныгы актриса сыяктуу эле, анын аты да өзүнүн ролуна жараша өзгөрүп турат. Айпера дүйнөдөгү бардык консерваторияларды аяктаган. Дүйнөдөгү бардык театр оюндарын окуган жана бир нече мүнөттүн ичинде окуй алат. Ал Google'да баарын үйрөнүп, дүйнөдөгү бардык актерлор менен таанышып, аларды кылдаттык менен байкай алат.Чындыгында, биздин өлкөдө тоталдык санариптештирүү өнөктүгү башталды, муну дээрлик баардык секторлордон көрө аласыз»,-деди.

Ошондой эле концерттик сунуштарды алган жана жайында концерттик келишим түзүшү күтүлүп жаткан Айпера, 6-июнга чейин Contemporary Istanbulдун Plugin бөлүмүндө чыгып турат.



Тектеш кабарлар