Марьяна Олескив: «Түркиядагы коопсуз туризм сертификатын ишке ашыруусун жактырдык»

Украинанын туризмди өнүктүрүү агенттигинин төрайымы Марьяна Олескив, Украина менен Түркиянын ортосундагы туризм карым-катнаштарына баа берди.

1649541
Марьяна Олескив: «Түркиядагы коопсуз туризм сертификатын ишке ашыруусун жактырдык»

Украинанын туризмди өнүктүрүү агенттигинин төрайымы Марьяна Олескив Түркиядагы коопсуз туризм сертификатын ишке ашыруусу жакканын белгилеп, «Биз Украинада ушул сыяктуу сертификатты колдонуу үчүн сертификаттоо боюнча тажрыйба топтоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк»,-деди.

Олескив Украина менен Түркиянын ортосундагы туризм карым-катнаштарына баа берди.

Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министри Александр Ткаченконун апрель айында Түркияга сапары жакшы кызматташтыктын башталышы экендигин белгилеген Олескив: «Украиналык делегация менен биргеликте Анталияга бардык. Мейманканалардын коопсуз туризм сертификаты менен кандай иштээрин карап чыктык, тиркеме жакты, сертификат чындыгында иштейт»,-деп айтты.

Жаңы типиеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы учурунда түрк өкмөтү туристтердин коопсуздугуна чындыгында кам көрөрүн көргөндөрүнө токтолгон Олескив мындай деди: «Ошондой эле биз Украинада ушул сыяктуу тажрыйбаны колдонуу үчүн Түркиянын туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) жана Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен сертификаттоо боюнча тажрыйба топтоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк».

Олескив, Анталия менен Стамбулдан тышкары Кападокия дагы украиналык туристтер үчүн популярдуу болуп калгандыгын, бирок көптөгөн украиналыктар дагы деле болсо Түркияны кооз деңиз жээктери менен тааныгандыгын түшүндүрүп, жайкы эс алуу үчүн Түркия биринчи орунда турарын баса белгиледи.

Украиналыктар быйыл да Түркияда лыжа аянттарын ачканын эске салган Олескив, Батыш Европа менен чек аралар жабык болгондо Түркиядагы объектилерге келишкенин жана аларды жактыргандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар