Чет өлкөлүк элчилерге Түркиянын коопсуз туризми түшүндүрүлдү

Эки күндүк программада чет өлкөлүк коноктор экскурсиялык сапарларга катышып, туристтик мекемелердеги чараларды жеринде көрүштү.

1646783
Чет өлкөлүк элчилерге Түркиянын коопсуз туризми түшүндүрүлдү

 

Дүйнөгө үлгү болгон Түркиянын «коопсуз туризминин» чоо-жайы чет элдик элчилерге түшүндүрүлдү.

Түркиядагы туризм жаатында  жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы көрүлүп жаткан эффективдүү чараларды түшүндүрүү максатында Германия, Украина, Казакстан,Кыргызстан жана Азербайжан баш болгон 89 мамлекеттин эл аралык миссия башчылары 22-майда Анталияда конок болушту.

Эки күндүк программада чет өлкөлүк коноктор экскурсиялык сапарларга катышып, туристтик мекемелердеги чараларды жеринде көрүштү.

Түрк Мейманканалар федерациясынын (TÜROFED) төрагасы Сурури Чорабатыр, темага байланыштуу билдирүүсүндө, «Өткөн жылы биз баштаган Коопсуз Туризм Сертификатынын программасы дүйнөгө ар тараптан үлгү болду. Элчилер менен болгон эки күндүк жолугушууларыбызда ушул жааттагы критерийлер гана суралды. Программа тарабынан аныкталган критерийлер мейманканаларды гана камтып койбостон, туризм чөйрөсүндөгү мейманканалардан баштап, ресторандарга, аэропортторго, транспортко, жеткирүүчүлөргө чейинки бардык тармактарды камтыйт.Эгер вакцинациянын көрсөткүчтөрү жогорулап, оорулардын саны дагы азайса, биз көргөн чаралар туризм адистерине жардам берет. Туризмчилерге Бодрум, Мармаристен Диярбакырга жана Трабзонго чейинки Түркиянын ар бир пунктунда чоң артыкчылыктарды камсыздайт»,-деди.

Чорабатыр Маданият жана туризм министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин Түркияга конок жиберген өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыгын жана өлкөдөгү коопсуз туризмдин түшүндүрүлгөндүгүн белгиледи.

Бир тараптан Түркиядагы чет элдик миссияларга жеринде түшүндүрүлүп, экинчи тараптан министрликтер тарабынан өлкөлөргө сапарлар жасалганын айткан Чорабатыр: «Отель ээлери катары, биз жергиликтүү жана чет элдик конокторду Коопсуз Туризм Сертификаты программабыз жана кызматкерлерибиз менен тосуп алууга даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар