Виртуалдык музейлерди 13 миллион адам көрдү

Виртуалдык тур менен 33 музейди жана миңдеген экспонаттарды "virtualmüze.gov.tr" интернет дарегинен 3D форматында көрүүгө болот.

1639723
Виртуалдык музейлерди 13 миллион адам көрдү

Маданият жана туризм министрлигинин "Виртуалдык музей" тиркемесине дүйнө жүзү боюнча 13 миллион адам кирип көрдү.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда, музейлерге жана археологиялык жайларга баруу убактылуу токтотулгандыктан виртуалдык музейлерге кызыгуу күчөдү.

Тарыхый Гөбеклитепеден Немрут урандыларына, Эфес музейинен Президенттиктин Эгемендүүлүк согушу көргөзмөсүнө чейин; Маданият жана туризм министрлигинин виртуалдык музей долбоорунун негизинде Түркиянын тарыхый жана маданий байлыктары экрандарга чыгарылды.

Виртуалдык тур менен 33 музейди жана миңдеген экспонаттарды "virtualmüze.gov.tr" интернет дарегинен 3D форматында көрүүгө болот.

Тиркемедеги өтмөктөрдү жылдырып, тарыхый экспонаттар жөнүндө маалыматты оңой эле таба аласыздар.

Виртуалдык музейлер, Түркияны таанытууда да маанилүү ролду ойнойт.



Тектеш кабарлар