Топкапы сарайында Рим дооруна таандык галерея табылды

Сарайдын зыярат аянтын кеңейтүү долбоорунун алкагында табылган калдыктар боюнча изилдөө иштери уланууда.

1618159
Топкапы сарайында Рим дооруна таандык галерея табылды

Стамбулдагы Топкапы сарайында жүргүзүлгөн жер алдындагы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Рим дооруна таандык галерея табылды.

3 бөлүмдөн турган галереянын жамгыр суусун топтоочу жер алдындагы цистерна экени болжолдонууда.

Сарайдын зыярат аянтын кеңейтүү долбоорунун алкагында табылган калдыктар боюнча изилдөө иштери уланып жатат.

Стамбул Улуттук сарайлар башкармалыгынын төрагасынын орун басары профессор доктор Ахмет Чапоглу, пейзаж иштери бүткөндөн кийин галереянын зыяратчыларга ачылаарын белгилеп: «Биз аны цистерна деп түз айта албайбыз. Бирок бул жерде цистернага байланышкан метро, галереялар же башка имараттын астындагы галерея болушу мүмкүн. Имаратты караганыбызда Рим дооруна таандык археологиялык табылга деп айта алабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар