Бостондо Түрк кинофестивалы өтөт

Фестивалдын программасы жөнүндө кеңири маалыматты www.BostonTurkishFilmFestival.org" сайтынан таба аласыз.

1617143
Бостондо Түрк кинофестивалы өтөт

Түрк киносунун көрүнүктүү өрнөктөрүн камтыган Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) 20-Бостон Түрк кинофестивалы 15-30-апрелде өтөт.

Коронавирус (Koвид-19) пандемиясына байланыштуу онлайн режиминде өтө турган фестивалда заманбап түрк киносунун көрүнүктүү үлгүлөрү америкалык көрүүчүлөргө тартууланат.

2001-жылы негизделген фестивалда толук метраждуу тасмалар менен бирге 2006-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан даректүү жана кыска метраждуу кинотасмалардын байгесине татыган кинолордон тандалмалар да орун алат.

Ошондой эле фестивалдын алкагында түрк киносу боюнча сыйлыкка татыган режиссерлордун катышуусунда онлайн панел болот.

Бостон түрк кинофестивалы программасы жөнүндө кеңири маалыматты www.BostonTurkishFilmFestival.org" сайтынан таба аласыз.



Тектеш кабарлар