"Мугалим" киносу АКШда 5 сыйлык алды

«Мугалим» режиссер Муслим Шахиндин алгачкы узун метраждуу киносу.

1616464
"Мугалим"  киносу АКШда 5 сыйлык алды

Режиссерлугун Мүслим Шахин аткарган «Мугалим»  аттуу кино Американын Golden Picture эл аралык кино фестивалында мыкты кино жана мыкты режиссер жана башка тармактарда 5 сыйлыкка жетишти.

Кинодо 20 -  кылымдын баштарында Францияда инженердик боюнча билим алгандан кийин Анадолуга кайтып келгенде өз баалуулуктары менен беттешкен айылдык мугалим Али тууралуу баяндалат.

Фильмдин продюсери Халит Арабажы, биринчи жолу эл аралык фестивалга катышып, ийгиликке жетишкенине абдан кубанычта экендиктерин айтты.

Режиссер Муслум Шахин : "Мугалим Түркияда  саясат, экономика, маданий турмушубузга таасир берген,  жана  адамдардын болгон окуяларга кандай реакция бергенине чейин көптөгөн маселенин башаты болгон  поляризация маселесин колго алууда»,- деди.  

ТРТ менен маданият жана туризм министрлиги биргеликте чыгарган «Мугалим» Түркияда кино, АКШда режиссерлук билимин алган Шахиндин алгачкы узун метраждуу киносу.

 



Тектеш кабарлар