Ооганстандагы Маариф мектебинин бүтүрүүчүсү Гарвард университетине өттү

АКШда окуу укугуна ээ болгон 18 жаштагы Өмери өткөн жылы Ооган-Түрк Маариф мектептеринин Кабулдагы эркектер орто мектебин аяктагандыгын айтты.

1615328
Ооганстандагы Маариф мектебинин бүтүрүүчүсү Гарвард университетине өттү

Түркиянын Маариф фондунун (TMV) Ооган-Түрк Маариф мектебинин бүтүрүүчүсү, Мухаммед Муктадир Өмери, АКШнын Гарвард университетине кабыл алынды.

АКШда окуу укугуна ээ болгон 18 жаштагы Өмери өткөн жылы Ооган-Түрк Маариф мектептеринин Кабулдагы эркектер орто мектебин аяктагандыгын айтты.

Гарвард университетине өтүү үчүн керектүү шарттарды аткаргандыгын жана арыз каты кабыл алынгандыгын түшүндүрүп, Өмери бул сынактарга 11-класста окуп баштаганда кирише баштаганын айтты.

Өмери билимин аяктагандан кийин Ооганстанга кайтып келип, өз өлкөсүнө кызмат кылууну ойлогонун билдирди.

Бул ийгиликке үй-бүлөсүнүн колдоосу жана мугалимдеринин аракети менен жетишкендигин баса белгилеген Өмери, Ооган-Түрк Маариф мектебинин башкаруучулугуна жана мугалимдерине ыраазычылыгын билдирди.

Акыркы 7 жылда Ооганстандан Гарвард университетине кирген эч ким болгон эмес.



Тектеш кабарлар