Министр Эрсой Дүйнөлүк театр күнүнө карата билдирүү жарыялады

Бүгүн Дүйнөлүк театр күнү.

1609440
Министр Эрсой Дүйнөлүк театр күнүнө карата билдирүү жарыялады

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, искусство - бул бош убакытты пайдаланууга боло турган деталь эмес, атайын убакыт бөлүнүшү керек болгон жашоонун негизги темасы деп билдирди.

Министр Эрсой Дүйнөлүк театр күнүнө карата билдирүү жарыялады.

Эрсой өз билдирүүсүндө: «Театрдын көшөгөсү башка жашоолорго, башка учурларга, кырдаалдарга жана эмоцияларга ачылат. Бизди өзүбүздөн алыстатып акыл-эсибиздин жана ички дүйнөбүздүн эс алуусуна; бирдей ойлор менен сезимдерден айырмаланган жана өзгөрүлүп тургандарга белгисиз нерселерге көңүл бурууга мүмкүндүк берет»,-деп айтты.

 «Искусство - бул бош убакытты колдонууга боло турган деталь эмес, атайын убакыт бөлүнүшү керек болгон  жашоонун негизги темасы" деген Эрсой: «Биз Дүйнөлүк театр күнүн ушул аң-сезим кеңири жайылып искусство биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланышы жана көшөгө ар дайым ачык болушу каалоосу менен белгилейбиз; өткөн мезгилден бүгүнкү күнгө чейин түрк театрын улантып, сахнага из калтырган биздин өнөрпоздорубузга жана театр кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.



Тектеш кабарлар