«Рахманкул Хан» атындагы маданий борбордо муниципалитеттин башчысына ыраазычылык билдирилди
Муниципалитеттин башчысынын орун басары Огуз Каган Танрыверди маданий борбордун Гөлбашы калкына, анын ичинде кыргыз боордошторго пайдалуу болушун каалады.
Түркиянын борбор калаасы Анкаранын кооз району Гөлбашында Түрк дүйнөсүнүн акыркы ханы Рахманкул Хандын аты коюлган, «Проф. д-р Фуат Сезгин» атындагы маданий комплекстин ичиндеги «Рахманкул Хан» атындагы маданий борбордо муниципалитеттин башчысы Рамазан Шимшектин орун басары Огуз Каган Танрыверди, муниципалитеттин мүчөсү Саваш Мүлазимоглу жана муниципалитеттин кызматкерлеринин катышуусунда, Рахманкул Хандын үй-бүлөсү жана Кыргыз аксакалдары тарабынан (Кыргыз улуттук кийими чапан, калпак, боз үй макети жана ыраазычылык баракчасы) тапшырылды.
Муниципалитеттин башчысынын орун басары Огуз Каган Танрыверди маданий борбордун Гөлбашы калкына, анын ичинде кыргыз боордошторго пайдалуу болушун каалады.
Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.