Голливуддун Чет элдик басма сөз ассоциациясы HFPA Африка тектүү мүчөлөрдү кабыл алат

HFPAнын акыркы 20 жылдан бери Африка тектүү бир дагы мүчөсүнүн болбогондугу белгилүү.

1591748
Голливуддун Чет элдик басма сөз ассоциациясы HFPA Африка тектүү мүчөлөрдү кабыл алат

Алтын глобус сыйлыктарын берген мекеме түрдүү катмарлардан мүчөлөр жок деген сындардын көбөйүшү менен Африка тектүүлөргө мүчөлүктүн берилерин жарыялады.

АКШда 1944 -жылдан бери жыл сайын кино жана сериал жылдыздарына Алтын глобус сыйлыктарын берген Голливуд Чет элдик басма сөз ассоциациясы кечээ берген маалыматта Африка тектүүлөрдү мүчөлүккө кабыл алуу үчүн «иш планынын» даярдалгандыгын билдирди.

Борбору Түштүк Калифорния болгон Голливуд чет элдик басма сөз ассоциациясы HFPAнын азыркы учурда 87 мүчөсү бар. Алардын көпчүлүгүн аялдар түзүүдө.

Мүчөлөр дүйнөлүк масштабда кино жана сериалдар тууралуу кабарларды жазган эл аралык журналисттерден турат.

HFPAнын акыркы 20 жылдан бери Африка тектүү бир дагы мүчөсүнүн болбогондугу белгилүү.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар