Немрут тоосу 5 жылда 530 миң зыяратчыны кабыл алды

Немрут тоосу "Күндүн чыкканы жана батканы дүйнөдө эң кооз көрүнгөн жер" деп эсептелет.

1557822
Немрут тоосу 5 жылда 530 миң зыяратчыны кабыл алды

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген, Адыяман шаарынын Кахта районунун четинде жайгашкан Немрут тоосу 5 жылда 530 миң зыяратчыны кабыл алды.

Чыгыш жана батыш цивилизацияларынын кесилишинде, күмбөзү, ири айкелдери жана 2 миң 150 метр бийиктиги менен "Күндүн чыкканы жана батканы дүйнөдө эң кооз көрүнгөн жер" деп эсептелген Немрут тоосу жыл сайын миңдеген туристтерди кабыл алууда.

Немрут тоосунда Комагене Падышачылыгына таандык бийиктиги 50 метр, туурасы 150 метр болгон дөңсөөлөр менен көптөгөн ири экспонаттар бар.

Немрут тоосуна чыккан коноктор 40 мүнөткө созулган 800 метрдик жолду жөө баскандан кийин көз жоосун алган күндүн чыгышын жана батышын көрүүгө мүмкүнчүлүк табышат.

Немрут тоосуна 2016-жылы болжол менен 50 миң адам, 2017-жылы 100 миң, 2018-жылы 130 миң, 2019-жылы 200 миң жана 2020-жылы коронавирустун (Ковид-19) айынан 50 миң адам зыярат кылды.



Тектеш кабарлар