Элчи К.Өмүралиев “Маариф” фондунун башчысы Бирол Акгүндү кабыл алды

Түркиянын “Маариф” фондунун башчысы Бирол Акгүн КРнын Түркиядагы Элчилигине барды.

1548141
Элчи К.Өмүралиев “Маариф” фондунун башчысы Бирол Акгүндү кабыл алды

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын “Маариф” фондунун башчысы Бирол Акгүн менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркия “Маариф” Фондунун ортосунда кол коюлган Кыргыз Республикасында жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча масалелерди талкулашты.

Мындан тышкары Б.Акгүн Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргызстанда Фонддун кеңсеси ачылганын белгилеп, келе жаткан жылы Бишкекте билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мектеп ачуу пландаштырылып жаткандыгын кабарлады.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар